Токтогул суу сактагычындагы суунун запасы бир жумада 30 млн метр кубга азайды
Токтогул суу сактагычындагы суунун запасынын азайганы токтобой жатат. Апта ичинде ал дагы 30 млн метр кубга азайган. Суу сактагычтын 5.5 млрд метр куб деп эсептелген «өлүк» белгисине түшүп калуусуна 2.4 млрд метр куб гана калды.
24-мартка карата өлкөнүн башкы суу сактагычындагы суунун запасы 7.9 млрд метр кубду түздү. Мындай маалыматтар «Электр станциялары» ААКтын сайтында берилген.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын ушул эле күнү суу сактагычтагы суунун көлөмү 11.82 млрд метр куб, 2021-жылы 10.68 млрд метр кубду түзгөн. Ошентип, 2020-жылга салыштырмалуу суунун запасы 18%га азайган.
Бүгүнкү күндө суунун суткасына агып кириши секундасына – 249 кубду, чыгымы – 360 кубду түзүүдө.