Өткөн жылы 645 миң жаран микрокредит алган – 37 млрд сом

2021-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан 37 млрд сом суммасында кредиттер берилди, ал эми алуучулардын саны 645 миңге жакын адамды түздү. Мындай маалыматты Улутстатком берди.

Микрокредит алган калктын саны 2020-жылга салыштырганда 9%га азайды, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү тескерисинче, дээрлик 19%га көбөйгөн.

2021-жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 38.4%ы керектөөчүлүк муктаждыктарына, 28.5%ы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 11.2%ы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө жана 8.4%ы курулушка багытталган.

Микрокредиттердин олуттуу суммасы Ош облусунун (7.8 млрд сом же берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 21.2%ы) жана Бишкек шаарынын (6.7 млрд сом же 18.2%), Чүй (5.4 млрд сом же 14.5%) жана Жалал-Абад облустарынын (5.1 млрд сому же 13.7%) алуучуларына берилген.