Январь-март айларында ИДП 146 млрд сомду түзүп, 4.5%га өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь-мартында ИДПнын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 146 млрд сомду түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4.5%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында ИДП алдын ала баалоо боюнча, 146 млрд сомду түзгөн жана 2021-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 4.55га жогорулаган.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында ИДПнын көлөмү 138 млрд сомду түзгөн жана 3.8%га жогорулаган.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-март айларында 80 миллиарддан ашык сомду түздү жана өткөн жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 7.3%га жогорулады.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш жана тейлөө сектору тарабынан камсыздалган

Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2021-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 6.1%га өскөн болсо, 2021-жылдын январь-мартында тескерисинче 12.8%га төмөндөшү байкалган. Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 3.4%га өсүү байкалган.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (46.3%) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди. Ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү январь-мартында 2%дык пунктка төмөндөп, 34%ды түзгөн. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1.35дык пунктка, айыл чарбасынын үлүшү 0.3%га жана курулуштун үлүшү -0.45га азайган.