2021-жылы комбанктардын кирешеси 36 млрд сомду түздү

2021-жылы коммерциялык банктардын кирешеси 36 млрд сомду түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 10.5%га көп. Бул тууралуу Улутстаткомдун банк кызматкерлеринин күнүнө карата маалыматында айтылат.

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 20 банк кирешелүү болсо, үч банк чыгашага учураган.

Коммерциялык банктардын жалпы активдери 2021-жылдын акырына карата бир жыл ичинде 24%га өсүү менен 358 млрд сомду түзгөн.

Коммерциялык банктардын ачык кредит портфели 2021-жылдын аягында 180 млрд сомдон ашкан жана 2020-жылдагы көлөмүнө салыштырмалуу 11%га өскөн. Насыя берүүнүн негизги багыттары – соода, айыл чарба, керектөө муктаждыктары жана ипотека болгон.

2021-жылы банктар жеке адамдардын депозиттерине 17 млрд сомдон ашык каражатты (чыгууну кошо эсепке алганда) тартышкан. Калктын депозиттеринин калдыгы 2021-жылдын акырына карата 120 млрд сомду түзүп, өткөн жылы 17%га өскөн.

Улутстаткомдун берген маалыматына ылайык, учурда КРнын банк системасында КРнын Улуттук банкы жана 23 коммерциялык банк иштейт, анын ичинен 16сы чет элдик капиталдын катышуусу бар банктар болуп саналат. Алардын 316 филиалы республиканын аймактарында иш алып барат.

Банк сегментинде 17 миңге жакын адам иштейт жана банктын кардарларынын саны 5 миллионго жетти. Банк чөйрөсүндөгү кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысы 2021-жылы орточо эсеп менен 42 миң сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 9.4%га өскөн.