> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 31 жыл ичинде эгемендүү Кыргызстандын киши башына ИДПсы эки эсеге гана өстү
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2022/08/30/31-zhyl-ichinde-egemend-kyrgyzstandyn-kishi-bashyna-idpsy-eki-esege-gana-st/
- Published: 2022-08-30T20:00:06.000Z
- Updated: 2023-05-18T13:16:32.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: Кызыктуу, #Макалалар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эртең, 31-август күнү, Кыргызстан Эгемендүүлүк күнүн белгилейт. Көз карандысыздыктын 31 жыл аралыгында Экономикалык маанилүү көрсөткүч болгон Ички дүң продуктунун (ИДП) киши башына карата** **көлөмү кандай өзгөргөнүн [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) байкап көрдү.**

1991-жылы киши башына ИДП 576 долларды түзсө, 2021-жылы 1276 долларды түздү. Мындай көрсөткүчтөр Дүйнөлүк банктын [маалыматында](https://data.worldbank.org/country/KG) айтылат.

Эгемендүүлүккө жеткенден тартып Кыргызстандын экономикасы 1999-жылы абдан начарлап (ИДП адам башына 258 доллар), бир нече жолу өсүп, COVID-19 пандемиясы дүйнөнү каптаганга чейин 2019-жылы эң жогорку чекитке жеткен (киши башына 1374 доллар).

> Бирок жалпысынан көз чаптырсак, 30 жылда өлкөнүн экономикасы эки эсеге гана өстү деген жыйынтык чыгарса болот.

Салыштырсак, ошол эле мезгилде Казакстандын экономикасы төрт эседен ашык өскөн (2013-жылы эң жогорку көрсөткүчү киши башына 13 891 доллар болгон). Өзбекстандын экономикасы бул жылдар ичинде 2.5 эсеге, Тажикстандыкы 1.7 эсеге өскөн.