Куралдуу кагылышуудан кийинки талкаланган Баткен - СҮРӨТТӨР сүйлөйт

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан Баткен облусунда болжол менен 700дөн ашык объект талкаланган, бирок бул акыркы маалымат эмес. Учурда атайын түзүлгөн комиссия кыргыз-тажик кагылышуусунан келтирилген чыгымды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, куралдуу кагылышууда 378 турак-жай, сегиз административдик-стратегиялык объект, сегиз социалдык объект, 171 сарай, 173 чарбалык имарат жана 20 автоунаа талкаланган.

Economist.kg интернет булактарынан Баткендеги талкаланган турак жайлардын сүрөттөрүн чогултууга аракет кылды.

Аксай айылы

Арка айылы

Лейлек району

Чек ара аймагындагы айылдардагы талкаланган турак жайлар

Интернационал айылы

Сүрөттөр Batken Press, MediaHub жана башка булактардан алынды.