Украинадагы согуштан улам Кыргызстанда дагы 67.6 миң бала жакырчылыкта калышы мүмкүн — ЮНИСЕФ
Украинадагы согуштан улам жакырчылыктын чегинде жашаган кыргызстандыктардын саны 143.8 миң адамга көбөйүшү мүмкүн. Алардын 67.6 миңи мектеп жашындагы балдар. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин баяндамасында айтылат.
Аналитиктердин айтымында, Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү 32 балага ал эми мектепте окуунун кошумча жоголгон жылдары 2.9 миң жылга жетиши мүмкүн.
Жалпысынан ЮНИСЕФ Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндө Украинадагы согуштан улам 10.4 миллиондон ашуун адам жакырчылыкка кириптер болушу мүмкүн экенин, анын 3.8 миллиону жаш балдар экенин айтат.
“Бул согуштан эң көп Россия өзү жапа чегет – кошумча 8.3 млн адам жакырчылыктын чегине түшөт, алардын 2.8 миллиону жаш балдар”, – дейт аталган уюмдун серепчилери.
Мындан тышкары, ИДП жана демографиялык маалыматтарга негизделген кыскача талдоодо Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүн азык-түлүк (буудай жана дан), жер семирткичтер, күйүүчү май, соода, туризм тармагында камсыз кылууда жана аларды Россия аркылуу жөнөтүүдө көйгөйлөр жарала тургандыгы белгиленген.
Дүйнөлүк банктын мурдагы баяндамасында дагы Украинадагы согуш Кыргызстанда экономикалык белгисиздикти, жакырчылык коркунучун күчөтүп жатканы айтылган болчу.
Эске салсак, Кыргызстанда 2020-жылы жакырчылыктын деңгээли 25.3%ды түзгөн – бир жыл ичинде көрсөткүч 5.2%га өскөн. Балдардын жакырчылыгы 31.8%ды түздү – бул демек, 833.9 миң бала жакырчылыкта жашап жатат дегенди билдирет.
Кошумча окуңуз:
Дүйнөлүк банк: Кыргызстандын экономикасы элди жакырчылыктан коргоп калууга даяр эмес
Кыргызстанда байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым өсүп баратат
Балалуу болуу жакырчылык тобокелдигин 2.5 эсеге жогорулатат — Дүйнөлүк банк