Кыргызстандын жолдорун оңдоого 2.6 млрд долларды кайсы чет өлкөлүк уюмдар берди? — анын 2.2 млрд доллары насыя
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 28 жылдын ичинде КРнын жол тармагына миллиарддаган каражат бөлгөн чет өлкөлүк финансылык институттардын атын атады.
«Негизги каржы булактары — эл аралык уюмдар тарабынан берилген кредиттер жана гранттар болгон. Бул аралыкта Кыргызстанга 2 млрд 68 млн доллардан ашык каражат тартылып, анын 405 млн 560 миң сому гана грант түрүндө болсо, калган 2.27 млрд сому насыя түрүндө келген», — дейт министрлик.
Жолду ремонттоого каражат берген негизги донорлор:
● Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын жардамы менен Түндүк-Түштүк, Бишкек — Нарын — Торугарт, Ош — Сарыташ — Эркечтам жолдорун кошкондо 9 жол долбоору ишке ашырылган. Эксимбанк КРга 1 млрд 100 млн доллар насыя берип, анын 102.9 миллиону гана Бишкектин ичиндеги жолдорду жана көчөлөрдү оңдоону каржылоого Кытай өкмөтүнүн жардамы түрүндө болгон.
● Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) жалпысынан 642.6 млн доллардан ашык каражат бөлгөн, анын 156.1 млн доллары гранттык каражаттар болгон. Бул уюмдун алкагында Бишкек — Ош, Бишкек — Нарын — Торугарт, Бишкек — Алматы, Түндүк — Түштүк автожолдорунун тилкелери калыбына келтирилди.
● Япония үчүнчү орунда турат, 316.9 млн доллардан ашык каражат берип, анын ичинде 76.69 миллиону грант түрүндө келип, бул каражаттар «Манас» аэропортунун жолдорун реконструкциялоого жана Бишкек — Ош жолун реконструкциялоого жумшалган.
Донордук жана финансылык инструменттер менен жол куруу тармагына 1992-2020-жылдары көрсөтүлгөн тышкы жардамдар
Эскерте кетсек, Economist.kg өткөн жылы Жолдорго берилген тышкы насыялар. 28 жылдын ичинде алынган 2.68 млрд доллар каякка сарпталды? деп аталган макаласында биринчиден, автомобиль жолдорун максималдуу пайдалануу мөөнөтү 20-24 жыл экендигин, бул болжол менен насыяларды төлөө мөөнөтүнө туура келерин, демек, мамлекет жолго алынган насыяны төлөп бүтөөрү менен, курулуп бүткөн жолду кайра калыбына келтирүү үчүн жаңы ресурстарды издөөсү зарыл экендигин айткан эле.
Айрым өлкөлөр бул көйгөйдү жол акыларын киргизүү жана башкаруу жолу менен чечишет, ал аркылуу мамлекеттик бюджетте жол фонддору түзүлөт.