Айыл чарба министрлиги мөөнөтү өтүп кеткен 5 миң тонна селитраны кармап турат — ал дыйкандарга сатылат

Учурда Айыл чарба министрлиги үстүбүздөгү жылдын март айында доллар кымбат кезинде (1 доллардын баасы 105 сомго чыккан учурда) 4977 тонна сатып алган селитра дагы деле турат. Аны сактоо мөөнөтү 6 ай, тагыраак айтканда, пайдалануу мөөнөтү өтүп кетти. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 19-декабрда “Би-Би-Сиге” берген маегинде билдирди.

Жер семирткич кымбат алынган

Би-Би-Синин “ири суммадагы каражатка сатылып алынган жер семирткич пайдаланылбай калганбы” деп ачуу сындар айтылып жаткандыгы тууралуу суроосуна министр төмөндөгүдөй жообун берди.

Бүгүнкү күнгө чынында эле ушундай акыбал. Себеби жыл башында жеке адамдар сатып келип, өз кызыкчылыктары менен бааны көтөрдү аябай. Селитранын баасы 60 сомдон ашып кетти, 67 сом болду. Ошондо анан чечим кабыл алынды. Бул эң туура чечим болгон убагында.

Тилекке каршы, ошол мезгилде доллар 105 сомго чейин чыгып кетпедиби. Сом каралып бөлүндү, доллар кымбат кезде. Материалдык резервдерге акча бөлүнгөн, алар конвертация кылган, алар барып келишим түзгөн, алар алып келген, алар саткыла деп милдеттендирген. Бирок кийин доллардын куну түшүп, анан доллар түшкөнгө жараша минералдык жер семирткичдин да баасы төмөндөдү. Мына ошондой көйгөй пайда болуп калбадыбы”, – деди министр.


— Би-Би-Си: Демек, сырттан сатып алганда баасы кымбат келген?

Аскарбек Жаныбеков: Батыраак келип калды да бул жерге. Анан ошентип базардагы баа арзаныраак болуп, матрезервге келген селитранын баасы кымбат болуп калды. Мына ошол үчүн бул токтоп турду. Чечим кабыл алынды. Мына эми селитраны арзан баада, арзан эмес эми, базар баада, төмөнкү баада дыйкандарга сатуу чечими кабыл алынды.


Эскерте кетсек, бийлик Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна (ММРФ) Өзбекстандан 30 миң тонна жер семирткич сатып алуу үчүн 975 млн сом бөлүп берген. Бирок ММРФ 20 миң тонна сатып алган жана анын 4970 тоннасы Кыргызстанга келген жана андан 7 тонна гана дыйкандарга сатылган. ММРФ тарабынан калган 6 565 051 АКШ доллары суммасындагы акча каражатын кайтарып алуу демилгеси коюлган. Бирок кайтарылдыбы аталган сумма же жокпу, кийин маалымат берилген эмес.

Селитранын сактоо мөөнөтү 6 ай гана, ал өтүп кетти

Аталган жер семирткичтин заводдон чыккандан кийинки сактоо мөөнөтү 6 ай. Жогоруда айткандай, ал Өзбекстандан жылдын башында келген. Жаныбековдун айтымында, мөөнөтү өтүп бара жатканына карабай анын сапаты өзгөргөн эмес.

“Эми ал заводдо көрсөтүлгөн мөөнөт 6 ай деп жазылып турат мүшөктө. Биз эксперттерге, заводго, Россияга, көз карандысыз эксперттерге кайрылдык. Мына мындай акыбал болуп жатат десек, эми ал көрсөтүлгөн эле убакыт дешти. Эң негизгиси анын химиялык составы, көрсөткүчү, заводдогу боюнча турат”, – деди ал.


Би-Би-Си: Сиз дыйкан болсоңуз, “алынгандан кийин 6 айда мөөнөтү бүтөт экен, азыр мөөнөтү өтүп кетиптир, бирок сапаты өзгөрбөптүр, ала бергиле” десе жеке өзүңүз сатып алат белеңиз чарбаңызга?

Аскарбек Жаныбеков: Мен дыйканчылык кылган адам катары, эгерде жанагыдай баа менен берсе, мен айланайын деп алмакмын.

Би-Би-Си: Сатып ала бересиз?

Аскарбек Жаныбеков: Сатып алмакмын. Себеби мага биринчи сапат, ошол аракетим, экинчи баа.

Би-Би-Си: Кокус кайсы бир саламаттык сактоо мекемеси же уюму, “жок бул мөөнөтү өтүп кетти, зыян” десе кандай болот?

Аскарбек Жаныбеков: Дей албайт, себеби ошонун сапатын тастыктай турган лаборатория анализин берип жатат. Мынакей, заводдон чыккан сапаттынан өзгөрүү жок деп.

Би-Би-Си: Завод өзүнүн логикасына өзү каршы келген жокпу? Анткени 6 ай мөөнөт деп койсо?

Аскарбек Жаныбеков: Ар кандай сактоо шартында да ал. Ошондой деп коюшкан. А мында селитра өзү кургак, шамалдалган, эч бир ным өтпөгөн жерде сакталып турат.

Би-Би-Си: Кайсы бир убакыт өткөндөн кийин, ушул бир туура эмес, жаңылыш чечим болгон, тигил же бул жетекчи жоопко тартылсын десе, эмне болушу мүмкүн?

Аскарбек Жаныбеков: Эми ал убакытта…  келет да, ким кандай кылган, ал боюнча биз ошол болгон маалыматтын баарын тактап жүрөбүз.


2022-жылдын 11-мартында ММРФ менен «Узкимёимпекс» ЖЧК ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде, бюджеттен бөлүнгөн акча каражатына 20 миӊ тонна аммиак селитрасын сатып алуу үчүн «Узкимёимпекс» ЖЧКсынын эсебине 917 млн 373 миң 124 сом, же 8 740 миң доллар, (КРУБнын курсу б-ча, 17.03.2022ж., 1 АКШ $ – 104.9626 сом) өткөрүлүп берилген.

Мамматрезервдер фонду үрөн жана жер семирткич сыяктуу категориялар боюнча мамлекетке 724 млн сом өлчөмдөгү түз зыян келтиргенин Жогорку Кеңештин депутаттарынын фонддун ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда айтылган болчу.