МИКтен 4% менен социалдык ипотеканы кимдер ала алышат? — нускама

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) "Социалдык ипотека" боюнча жаңы багыты иштеп жатат, анын алкагында жарандардын айрым категориялары 4% төмөн үстөк менен ипотекалык насыя ала алышат.

Эске салсак, буга чейин "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын эки гана багыты бар болчу:

Жеңилдетилген ипотеканы мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана алардын ведомстволук уюмдарында жана ишканаларында, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында, мамлекеттик телерадио уюмдарында, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда эмгектенген жарандар 6%дан баштап ала алышат.

Арзан ипотеканы ишинин чөйрөсүнө карабастан, эмгек/чарба/ишкердик менен алектенген КРнын бардык жарандары 8% менен ала алышат.

Төмөндө биз жарандардын кайсы категориялары социалдык ипотеканы кандай шарттарда ала алышарын айтып беребиз.

Социалдык ипотека

Мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын кызматкерлери

  • төлөө графиктерине ылайык ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 жашка чейин болуш керек
  • мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда жалпы иш стажынын 15 жылдан кем эмес болушу
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында КРнын аймагында жеке турак үйүнүн жана коммерциялык кыймылсыз мүлк болбош керек
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана жашы жете элек балдарында акыркы 5 жыл ичинде КРнын бүткүл аймагында турак жайга жана коммерциялык кыймылсыз мүлккө менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөр болбош керек.
  • катышуучу төлөө жөндөмдүүлүгү болушу керек
  • акыркы 2 жыл ичинде катышуучунун никеси бузулган учурда катышуучунун мурунку жубайында акыркы 2 жылдын ичинде КРнын бүткүл аймагында турак үйдүн жана турак үйгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөр болбош керек.

Көп балалуу үй-бүлөлөр

  • ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 жашка чейин болуш керек
  • 2 жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 жылдан кем эмес иш стажынын болушу зарыл
  • 21 жашка чейинки курактагы 5-тен кем эмес баланын болушу
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында КРнын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 жыл ичинде КРнын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу
  • катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү

Мүмкүнчүлүгү чектелүү же андай адамдардын камкорчусу болгон жарандар

  • ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 жашка чейин болуш керек
  • 2 жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 жылдан кем эмес иш стажынын болушу
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында КРнын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 жыл ичинде КРнын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу
  • катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү болуш керек.

Жашы жете элек баласы бар жалгыз бой эне/аталар

  • 21 жаштан тартып төлөө графиктерине ылайык, ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 жашка чейин
  • 2 жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 жылдан кем эмес иш стажынын болушу
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында КРнын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 жыл ичинде КРнын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөр болбош керек
  • катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү болуш керек.

Айыл жергесиндеги жаш адистер

  • Программага катышууга арыз берген учурда 21 жаштан  28 жашка чейин болуш керек
  • 2 жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 жылдан кем эмес иш стажынын болушу
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында КРнын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 жыл ичинде КРнын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу
  • катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү болуш керек.
  • турак үй айыл жергесинде иштеген жери боюнча сатылып алынат.

Баткен облусунда кызмат өтөп жаткан Чек ара кызматынын кызматчылары

  • 70 жашка чейинкилер
  • 2 жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 жылдан кем эмес иш стажынын болушу
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында КРнын аймагында жеке турак үйү болбош керек
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында акыркы 3 жыл ичинде КРнын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугуна байланышкан бүтүмдөр болбош керек
  • катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү болуш керек.

Врачтардын күнөөсүнөн ВИЧ-инфекция менен ооруган балдар

  • 70 жашка чейинкилер
  • 2 жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 жылдан кем эмес иш стажынын болушу зарыл
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында КРнын аймагында жеке турак үйү болбош керек
  • акыркы 3 жыл ичинде КРнын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөр болсо катыша албайт.
  • катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү болушу керек.

Эскертүү

  1. Катышуучуда, жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында турак жайда 20 чарчы метр ашпаган жалпы үлүшү болгон учурда Программага катышууга уруксат берилет.
  2. Эгерде катышуучуга, катышуучунун жубайына жана катышуучунун жашы жете элек балдарына мыйзам боюнча мураска калган турак жайда 20 ч.м ашпаган үлүш болсо, Программага катышууга жол берилет.