КР кичинекей, эксперименттерге ачык, жаңы нерселерди колдонуп көрүүгө ыңгайлуу өлкө — Аманалиев

Креативдүү өнөр жай ассоциациясынын төрагасы Данияр Аманалиев эл аралык компанияларды Кыргызстанда креативдүү бизнести өнүктүрүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Казакстандын борборунда өткөн Астана эл аралык форумунун панелдик талкуусунда билдирди.

Аманалиев Кыргызстанда креативдүү бизнести өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары тууралуу айтып берди.

"Эгерде чыгармачыл бизнесиңиз болсо, Кыргызстанга көчүп келиңиз, анткени биз дүйнөдөгү бардык креативдүү бизнести тартабыз. Учурда биз абдан кызыктуу эксперимент жүргүзүп жатабыз, аны "Креативдүү парк" деп атадык. Биз аны "парк" дегенибиз менен бирок сиз виртуалдык сайтка катталып, башка мамлекеттерден, тагыраак айтканда, каалаган жериңизден иштесеңиз болот", деди Аманалиев.

Ал ошондой эле ассоциациянын демилгелери тууралуу айтып, ага кошумча Борбордук Азияда креативдүү тармактарды өнүктүрүү боюнча жол картасы иштелип чыкканын белгиледи.

"Биз бул платформада креативдүү тармакты өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керектигин талкуулайбыз. Менин оюмча, биздин негизги мүмкүнчүлүгүбүз – өнүгүүдө секирик жасоо.
Учурда 80ден ашуун мүчөсү бар биздин ассоциациянын атаандаштыкка жөндөмдүү болгондугу бизди абдан кубандырат. Бирок ошол эле учурда биз бири-бирибиз менен кызматташып, бул тармак үчүн кандайдыр бир жалпы стандарттарды түзүп, өз ара аракеттенип жатабыз. Биз Борбор Азия хабынын бир бөлүгүбүз, анда 19 миңден ашык инноваторлор биригүүгө аракет кылып жатышат", — деди Данияр Аманалиев.

Ал ошондой эле Кыргызстан кичинекей мамлекет болгондуктан экономиканы тезирээк өнүктүрүү үчүн эксперимент жүргүзүп, жаңы ыкмаларды киргизүү артыкчылыгы бар экенин баса белгиледи.

"Кыргызстан кичинекей өлкө, жалпысынан 7 млн калкы бар. Экономикалык жактан биздин жогото турган эч нерсебиз жок, анткени ички дүң продукциянын көлөмү боюнча коңшубуз Казакстандан алты эсе төмөнбүз. Ошондуктан, биз эксперименттерге ачыкпыз, жаңы нерселерди колдонууга мүмкүнчүлүгүбүз бар, биз жетиштүү ылдам кыймылдай алабыз", — деди ал.

Ошондой эле Ассоциациянын жетекчиси өз сөзүндө КР Креативдик индустрия паркынын резиденттери жакында өзгөчө салык системасына ээ болорун кошумчалады.

"Биз салыкты өзгөртүү демилгесин көтөрдүк, ал болжолдуу түрдө жактырылды, мыйзам долбооруна кол коюу калды. Ал эми жыл аягына чейин бизде креативдүү тармакта эң мыкты салык системасы түзүлөт деп ойлойм", — деди Аманалиев.