Союз тарагандан кийин КМШдагы эң чоң базарды курдуңар, ишкердик дух каныңарда бардай — Татьяна Бакальчук

Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Бакальчук Кыргызстанга келип абдан таасирленгенин айтып, кыргыз жеңил өнөр жайы тууралуу китеп жазса болоорун ал Бишкекте өткөн E-comkg 2023 форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Татьяна Бакальчук Кыргызстанга биринчи жолу келгенин айтты. Көбүнчө башка өлкөлөргө барууга ал алдын ала пландап, логистикалык борборду куруу үчүн ылайыктуу жерди таап, даярданат. Бирок Кыргызстанга эч кандай плансыз эле келип калган Wildberries компаниясынын жетекчисин өлкө жана кыргыз эли абдан таң калтырган.

"Мен силердин мындай экениңерди билбептирмин: ак көңүл, боорукер экенсиңер, силерде өлкөнү өнүктүрүүгө активдүү катышкан жаштар көп экен", деди ишкер.

Бакальчук ​​КРнын жеңил өнөр жайын өзүнчө мактады. Ал тургай, ал өлкөнүн тарыхый-экономикалык көрүнүшүн сүрөттөгөн китеп жазууну сунуш кылды.

"Менин оюмча, ишкердик дух каныңарда бардай сезилет, союз тарагандан кийин КМШдагы эң чоң базарды уюштуруп, 30 жыл бою бүтүндөй өлкөбүздү (ред. Россияны) кийинтип турдуңар. Эми өлкө жана бүткүл дүйнө санариптик экономикага өтүп жатканын түшүнүп, мында да кандайдыр бир жол менен биздин соода аянттарыбызга кирүүнүн жолун таптыңар. Бул менин түшүнүгүмдө уникалдуу мисал. Америка кыялы менен Кытайдын экономикалык керемети бар. Силер да  экономикалык кереметиңизге ат табышыңар керек деп эсептейм", — деди Бакальчук.

Wildberries компаниясынын жетекчиси өткөн жылы Бишкек жана Ош шаарларында эки сорттоо борбору ачылгандан кийин компаниянын соода аянтчасында КРда өндүрүлгөн продукциянын акча жүгүртүү үлүшү 2 млрд рублдан 10 млрд рублга чейин өскөнүн билдирди.