Батыш өлкөлөрү Россияга реэкспорттук жүктөрдү жеткирген өлкөлөргө карата санкцияларды колдонушу мүмкүн — ЕАӨБ

Батыш өлкөлөрү Россиянын тышкы соода операцияларына көзөмөлдү күчөтүп, РФга реэкспорттук жүктөрдү жеткирүүгө катышкан өлкөлөргө карата санкцияларды колдонушу мүмкүн экени Евразия өнүктүрүү банкынын эксперттеринин "Макроэкономсикалык божомол 2023-2025" деген талдоосунда айтылат.

Аталган документте Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын учурдагы ички жана тышкы макроэкономикалык шарттары деталдуу сүрөттөлөт жана болжолдуу экономикалык көрсөткүчтөрү камтылган. Ошондой эле талдоодо Кыргызстандын экономикасындагы тобокелдиктер тууралуу да айтылат.

ЕАӨБ базалык сценарийде 2023–2024-жылдары миграциялык шоктун кесепеттерин жоюунун фонунда КРнын ИДПсынын өсүшүн 4% жакын болжолдоду. Эксперттер тышкы инфляциялык басымдын азайганынан Кыргызстанда да 2023-жылдын аягында инфляция 7.1%га чейин басаңдай турганын, бул негизинен тарифтердин жогорулашын жарым-жартылай компенсациялай тургандыгын белгилешти. 2025-жылы керектөө бааларынын өсүү темпи 6% тегерегинде болушу болжолдонууда. Ошондой эле ЕАӨБ Кыргызстандагы экономикалык өсүүүсү төмөндөөгө карай жылуу тобокелдиги бар экенин да айтты.

"Дүйнөдөгү соода менен логистикалык байланыштарды кайра куруу жана АКШ менен еврозонадагы финансылык дестабилизациялоо тобокелдигинин күчөшү дүйнөлүк экономиканын узакка созулган рецессия коркунучуна алып келет. Батыш өлкөлөрү Россиянын тышкы соода операцияларына көзөмөлдү күчөтүп, РФга реэкспорттук жүктөрдү жеткирүүгө катышкан өлкөлөргө карата санкцияларды колдонууга чечкиндүү турат", — дейт ЕАӨБ.

Кумтөр кенинде алтын өндүрүү да жогорку деңгээлдеги белгисиз боюнча турат. Эгерде бул тобокелдиктер боло турган болсо, Кыргызстандын экономикасынын өсүшү экспорттун өтө төмөндөшүнөн жана ички суроо-талаптын начарлашынан улам басаңдайт.

Инфляциянын өсүү тобокелдиктери да бар. Керектөө бааларынын индексинин басаңдашынын траекториясы эгерде дүйнөнүн негизги борбордук банктары АКШда же еврозонада инфляцияны көзөмөлгө ала албай калса, анда тездеп кетиши мүмкүн.

"Бул өз кезегинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчүлөрдүн чыгымдары басым астында кала берет жана бул Кыргыз Республикасындагы ички керектөө бааларынын өсүшүнө таасирин тийгизет", — деп айтылат документте.