Кыргызстанда акчаны кайсы банкта сактаган кирешелүү — тизмеси

2023-жылга карата глобалдык божомолдо америкалык BlackRock инвестициялык компаниясы инвесторлордун (өз каражаттарын капиталды сактоо жана көбөйтүү үчүн жумшагандар) иш-аракеттерине таасир этүүчү үч фактор деп дүйнөлүк рецессия, туруктуу инфляция жана туруксуз саясий кырдаалды аныкташты. Ошондуктан акчаны кайда инвестициялоо инвестор үчүн эң маанилүү чечим болуп саналат.

Ар кандай активдерге инвестициялоонун варианттарын карап көрөлү:

Акциялар: Акцияларга инвестиция салуу дүйнөдөгү капиталды инвестициялоонун салттуу жолу болуп саналат. Бирок, алар биржалардагы тобокелдиктин жана белгисиздиктин жогорку деңгээли менен байланыштуу. Акциялар жогорку киреше алып келиши мүмкүн, бирок, алар ошондой эле рыноктун өзгөрүшүнө дуушар болот жана ырааттуу төлөмдөрдүн болушуна кепилдик бербейт. Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын баалуу кагаздар рыногу инвестиция үчүн кеңири тандаоолорду сунуштай албайт.

Криптовалюталар: Криптовалюталар азыр инвесторлордун көңүлүн көбүрөөк буруп жатат. Чоң кирешелер криптовалюта рыногундагы жогорку олку-солку менен байланыштуу. Бул инструментке инвестиция салуу продуктту жана технологияны терең түшүнүүнү, ошондой эле рыноктун туруктуу (сааттык) мониторингин талап кылат. 2022-жылы инвесторлордун 80% инвестицияларын көбөйтүүнүн ордуна жоготуп алышкан.

Алтын: Алтын көптөн бери коопсуз инвестициялык актив катары каралып келген. Ал туруктуу жана убакыттын өтүшү менен өз баасын сактап калат. Бирок, алтынга инвестициялоодо металлдын өзүнүн наркынын өзгөрүшүн эске албаганда, сиз кошумча киреше албайсыз жана бул ыкма банктык депозитке караганда ликвиддүү эмес. Сиз физикалык жактан алтынга ээ болгондо, аны сактоонун коопсуздугуна кам көрүшүңүз керек. Үйдө сактасаңыз, өрт, уурулук жана башка коркунучтар бар. Анын үстүнө куйманын бузулушу кээде анын баасын төмөндөтөт.

Банктык депозит: банктагы депозитти башкаруу оңой. Ал  рынокту үзгүлтүксүз көзөмөлдөбөстөн же татаал инвестициялык каражаттарды изилдебестен туруктуу киреше алууга мүмкүндүк берет. Бул башка активдер менен байланышкан тобокелдиктерди минималдаштырат.

Банктык депозитти тандоодо, инвестицияңызды кайсы банкта сактоо керек деген суроо туулат? Биз сиздер үчүн Кыргызстандын банктарынын пайыздык чендердин салыштырма таблицасын түздүк.