> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Контрагенттерди текшерүү үчүн КРда кандай электрондук маалымат базалары бар
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2023/08/02/kontraghienttierdi-tiekshieruu-uchun-krda-kandai-eliektronduk-maalymat-bazalary-bar/
- Published: 2023-08-02T12:14:06.000Z
- Updated: 2023-10-10T11:21:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Кызыктуу, #Import 2025-07-22 12:57

**ИШКЕР MEDIA ишкерлер үчүн пайдалуу маалыматтарды берүүнү улантат. Бүгүн болсо контрагенттер же компаниялар тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берген КРнын электрондук маалымат базалары менен бөлүшөбүз.**

### Соода белгилеринин реестри

КРнын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) товардык белгилердин маалымат базасынын [издөө системасынан](http://base.patent.kg/) товардык белгинин (тейлөө белгисинин) улуттук тартипте катталгандыгын, анын ээсин, мөөнөтүн ж.б. маалыматтарды алууга болот.

### Юридикалык жактардын реестри

КРнын Юстиция министрлигинин [юридикалык жактардын маалымат базасы](https://register.minjust.gov.kg/register/SearchAction.seam?logic=and&cid=87755) компаниянын чындыгында бар-жоктугун текшерүүгө жана ал тууралуу маалыматты билүүгө мүмкүндүк берет. 

### Салык төлөөчүлөрдүн реестри

КРнын Мамлекеттик [салык кызматынын бул сервиси](https://salyk.kg/TaxPayer/Info) компаниянын же жеке ишкердин бар же жок экендигин текшерүүгө, анын дарегин жана башка реквизиттерин билүүгө мүмкүндүк берет.

### ОсОО.KG сервиси

Контрагенттерди текшерүү жана компанияларды издөө үчүн эң көп колдонулган сервис. [Аталган сервис](https://www.osoo.kg/) 160 миңден ашык юридикалык жактардын маалымат базасынын негизинде компаниялардын ишмердүүлүгүн талдоого, комплаенс-контролду жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Компаниянын негизги маалыматтарын уруксатсыз издеп жана көрүүгө болот, бирок сайттагы айрым функцияларга жана маалыматтарга кирүү үчүн каттоодон жана авторизациядан өтүү керек болот.

### КРнын ченемдик укуктук актыларынын базасы

[Бул кызмат](http://cbd.minjust.gov.kg/ru-ru/npakr/search) КРнын колдонуудагы жана колдонулбаган ар кандай ченемдик актысы менен таанышууга мүмкүндүк берет.

### Бюджетке салык төлөмдөрү боюнча маалымат

[Бул кызматты](https://portal.tunduk.kg/basic%5Fservice/redirect%5Fsignin) колдонуу менен жарандын мамлекеттик бюджеттин пайдасына төлөгөн иш жүзүндөгү төлөмдөрү тууралуу маалыматты мөөнөтсүз көрүүгө болот. Tunduk.kg сервисинде [бул кызматты](https://esia.tunduk.kg/Identity/User/Login?ReturnUrl=%2Fconnect%2Fauthorize%2Fcallback%3Fstate%3D2c7c70867ec907aace6de1cb00b24298%26scope%3Dopenid%2520profile%2520email%2520phone%26response%5Ftype%3Dcode%26approval%5Fprompt%3Dauto%26redirect%5Furi%3Dhttps%253A%252F%252Fportal.tunduk.kg%252Fauth%252Fcallback%26client%5Fid%3Dstate-portal) КРнын Финансы министрлиги көрсөтөт.