Контрагенттерди текшерүү үчүн КРда кандай электрондук маалымат базалары бар

ИШКЕР MEDIA ишкерлер үчүн пайдалуу маалыматтарды берүүнү улантат. Бүгүн болсо контрагенттер же компаниялар тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берген КРнын электрондук маалымат базалары менен бөлүшөбүз.

Соода белгилеринин реестри

КРнын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) товардык белгилердин маалымат базасынын издөө системасынан товардык белгинин (тейлөө белгисинин) улуттук тартипте катталгандыгын, анын ээсин, мөөнөтүн ж.б. маалыматтарды алууга болот.

Юридикалык жактардын реестри

КРнын Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын маалымат базасы компаниянын чындыгында бар-жоктугун текшерүүгө жана ал тууралуу маалыматты билүүгө мүмкүндүк берет.

Салык төлөөчүлөрдүн реестри

КРнын Мамлекеттик салык кызматынын бул сервиси компаниянын же жеке ишкердин бар же жок экендигин текшерүүгө, анын дарегин жана башка реквизиттерин билүүгө мүмкүндүк берет.

ОсОО.KG сервиси

Контрагенттерди текшерүү жана компанияларды издөө үчүн эң көп колдонулган сервис. Аталган сервис 160 миңден ашык юридикалык жактардын маалымат базасынын негизинде компаниялардын ишмердүүлүгүн талдоого, комплаенс-контролду жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Компаниянын негизги маалыматтарын уруксатсыз издеп жана көрүүгө болот, бирок сайттагы айрым функцияларга жана маалыматтарга кирүү үчүн каттоодон жана авторизациядан өтүү керек болот.

КРнын ченемдик укуктук актыларынын базасы

Бул кызмат КРнын колдонуудагы жана колдонулбаган ар кандай ченемдик актысы менен таанышууга мүмкүндүк берет.

Бюджетке салык төлөмдөрү боюнча маалымат

Бул кызматты колдонуу менен жарандын мамлекеттик бюджеттин пайдасына төлөгөн иш жүзүндөгү төлөмдөрү тууралуу маалыматты мөөнөтсүз көрүүгө болот. Tunduk.kg сервисинде бул кызматты КРнын Финансы министрлиги көрсөтөт.