Кыргызстан биткоин майнингинин кирешеси боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирди – рейтинг
Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн арасынан санариптик активдерди "үй шартында" табуу кирешеси боюнча алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кирген жалгыз өлкө болду. Бул тууралуу адистештирилген Coingecko басылмасынын маалыматында айтылат.
Жарыяланган маалыматтарга ылайык, КРда бир биткоинди [1 BTC] тиричилик масштабында табуу үчүн энергетикалык компанияларга 2660 доллар төлөнүш керек. Ушундай көрсөткүчтөргө ээ болгон өлкө Ливия менен алтынчы орунду ээледи.
"Эгерде биткоиндин курсу 26 120 долларды түзгөн жабдууларды сатып алуунун баасын эсепке албасак, Кыргызстанда ар бир BTCди өз алдынча иштетүүдөн түшкөн пайда 23 460 долларга жетет", — деп белгилешти изилдөөнүн авторлору.
Биткойндун майнингине эң ыңгайлуу шарттарга ээ болгон 10 алдыңкы өлкөлөргө электр энергиясына кеткен чыгым аз болгондуктан Африка менен Азияда жайгашкан мамлекеттер кирет.
Европа өлкөлөрү криптовалюталарды казуу үчүн эң кымбат болуп саналат.
Рейтингдин авторлору бул өлкөлөрдө майнингдин баасынын жогору болушун энергетикалык баанын өсүшү, COVID-19 пандемиясынын жана өсүп жаткан эл аралык суроо-талаптын фонунда пайда болгон электр энергиясынынын дүң баасынын дүйнөлүк өсүшү менен байланыштырышкан. Мындан тышкары, изилдөөчүлөр Евробиримдиктин кээ бир мүчө-мамлекеттерине газ берүүнү токтотууга алып келген орус-украин чатагын жана натыйжада аймактагы биткоинди табууну пайдасыз кылган электр энергиясынын рекорддук баасынын себеби менен байланыштырышты.
1 биткойнду таап алуу үчүн чарбалык электр энергиясына сарпталган чыгымдарды чагылдырган өлкөлөрдүн толук тизмесин төмөндө тапса болот.
Эске салсак, КРда 2020-жылдын 1-августунан тартып криптовалютаны иштетүү менен алектенген жеке ишкерлер үчүн майнингге салык киргизилген.
Майнинг салыгы КНСти жана сатуудан түшкөн салыкты кошкондо, майнинг учурунда керектелген электр энергиясы үчүн чегерилген суммалардын негизинде түзүлөт. Салык ставкасы 15% өлчөмүндө белгиленген.
Майнинг субъекттери үчүн электр энергиясына жогорулатылган тариф кВт/саат үчүн 5.04 сом өлчөмүндө (салыктарды эсепке албаганда) белгиленген.