Кыргызстан дүйнөдө жашоо наркы боюнча 120-орунда турат — Америкага караганда 70%га арзан

Numbeo изилдөө кызматынын аналитиктери дүйнөнүн 140 өлкөсүндө жашоонун баасын эсептеп чыгышкан. Ал изилдөөдө Кыргызстан 120-орунда турганын көрүүгө болот.

Numbeo изилдөө компаниясынын рейтингинде Кыргызстан жашоонун баасы төмөн өлкөлөрдүн катарына кирди. 2023-жылдын ортосуна карата биздин өлкө 140 мамлекеттин арасында 120-орунда турган. КРда жашоо минимумунун индекси 29.9 пунктту түздү.

Көрсөткүч өлкөдөгү жашоонун наркын – азык-түлүктүн, ресторандардагы тамак-аштын, транспорттун жана коммуналдык кызматтардын баасын чагылдырат, бирок ижара акысын же ипотекалык төлөмдөрдү камтыбайт. Нью-Йорктогу жашоо деңгээли 100 баллга барабар жана ал стандарт катары кабыл алынат. Ошентип Кыргызстанда жашоо Американын мегаполисине караганда 70% арзан.

Кыргызстандын коңшу мамлекеттеринде жашоонун наркынын жалпы деңгээли салыштырмалуу кымбат, мисалы, Кытайда, Казакстанда, Россияда жашоо кымбат. Ал эми Өзбекстанда жашоо минимумунун индекси КРга караганда төмөн болуп чыкты. Numbeo Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча маалыматтарды бербейт. Бермуд аралы дүйнөдөгү жашоо үчүн эң кымбат өлкө болсо, Пакистан эң арзан өлкө болуп саналат.