Казакстандын Түркстан облусунун малчылары Кыргызстандан келген этти чектөөнү талап кылышууда

Казакстандын Түркстан облусунун малчылары тоюттун баасын арзандатып, Беларустан, Кыргызстан жана Россиядан этти алып келүүнү чектөөнү талап кылышууда. Бул тууралуу informburo.kz сайты 31-каналга шилтеме берүү менен билдирди.

Аталган басылманын маалыматына караганда, Казакстандын Түркстан облусунун дыйкандары кургакчылыкты башынан өткөргөндөн кийин кайрадан чыгымга учурады. Эттин баасы арзандады, бирок буудайдын жана чөптүн түшүмүнө терс таасирин тийгизген кышкы ызгаардан жана жазгы кургакчылыктан тоюттун баасы жогору бойдон калууда.

"Эттин баасы арзандады. Сүт арзандап кетти. Мындан улам мал чарбачылык менен алектенүү кыйын болуп жатат. Эт Россиядан жана Кыргызстандан арзан баада алынып келинет", - дейт дыйкан Гайрат Хадиметов.

Малчылар кышында мал кармай албайбыз деп чочулап, малын массалык түрдө сата башташкан.

"Ата мекендик дыйкандардын бизнесине азыр Россиядан, Беларустан келген арзан эт да таасирин тийгизүүдө. Көптөгөн ишкерлер малын сатып, башка бизнеске өтүп кеткен учурлар бар", - дейт 16 жылдан бери мал чарбасы менен алектенген "Байтерек" дыйкан чарбасынын негиздөөчүсү Тахирбек Нышанбаев.

Жергиликтүү бийлик кырдаалдан кабардар экени айтылат маалыматта. Түркстан облусунун айыл чарба башкармалыгынын башкы адиси Мелдехан Бухарбаевдин айтымында, 2018-жылы эт багытындагы чарбаларга субсидия берүү токтотулган. Ал эми аны кайра баштоо үчүн малчылардын өздөрүнүн активдүүлүгү зарыл.

"Эгерде жем өстүрүүчү аянттарды мамлекеттик колдоо керектиги боюнча сунуш түшсө, албетте, Айыл чарба министрлигине сунуштайбыз", - деди Мелдехан Бухарбаев.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу Казакстандын дыйкандары тоюттун баасын төмөндөтүү жана коңшу өлкөлөрдөн эттин импортун чектөө боюнча чаралар көрүлбөсө, алар банкротко учурай турганын эскертишкен.