АКШ Кыргызстандын артынан Борбор Азия өлкөлөрү менен сооданы жөнөкөйлөтүүнү пландоодо – Түркмөнстандан башкалары менен

Америка Кошмо Штаттары Борбор Азиянын үч өлкөсү — Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен соода режимин жөнөкөйлөтүүнү пландаштырууда. Мындай демилгени 7-сентябрда Коннектикуттун сенатору Скотт Мерфи менен Индиананын сенатору Тодд Янг көтөрүшкөнүн The Diplomat кабарлады.

Басылманын маалыматына таянсак, америкалык сенаторлор Джексон-Вэниктин түзөтүүсүн жокко чыгаруу жана расмий Астана, Душанбе жана Ташкент шаарлары үчүн туруктуу нормалдуу соода статусун белгилөө боюнча мыйзам долбоорун сунушташкан.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, АКШ бул чектөөлөрдөн жапа чеккен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кыйынчылыктарын бир топ жеңилдетет.

Маалымат үчүн: Ваник-Джексон Түзөтүүсү АКШнын соода мыйзамына 1974-жылы кабыл алынган. Түзөтүү АКШнын эмиграцияга тоскоол болгон жана адам укуктарын бузган өлкөлөр менен соодасын чектейт. Түзөтүүнү кабыл алуунун бирден-бир себеби, Советтер Союзу өз аймагынан еврей улутундагы адамдар үчүн чыгууга чектөө койгону болгон. Ал өлкөлөрдөн келген товарлар АКШга импорттолгондо жогорку бажы алымдарына, дискриминациялык импорттук жана экспорттук чектөөлөргө дуушар болушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, Советтер Союзу тарагандан кийин анын курамына кирген кээ бир өлкөлөргө карата өзгөртүү жокко чыгарылган. 2000-жылдан 2012-жылга чейин Кыргызстан, Грузия, Украина, Армения, Молдова, жадакалса Россия тизмеден чыгарылган, бирок көпчүлүк Борбор Азия өлкөлөрүнүн – Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан дагы эле өзгөртүүдө каралган чектөөлөргө дуушар болуп келишет.

Мыйзамдын авторлорунун бири Скотт Мерфи: "Россиянын жана Кытайдын Борбор Азиядагы таасири басаңдай баштаганда, Кансыз согуш доорунан калып кеткен АКШнын Борбор Азия менен мамилесин кайра карап чыгуу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк. Бул мыйзам биздин экономикалык кызыкчылыктарыбызга кызмат кылуу менен бирге, АКШнын Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр менен мамилени жаңы деңгээлге көтөрүүгө ниеттенип жаткандыгын билдирет", дейт.

Геосаясий планда анын кесиптеши Тодд Янг да демилгеге комментарий берди.

"Бул өлкөлөргө карата түзөтүүнү жокко чыгаруу Борбор Азиянын негизги өлкөлөрү менен эки тараптуу жана аймактык мамилелерди тереңдетет. Бул мыйзам долбоору соода байланыштарын чыңдоого, эл аралык рынокко чыгууга жана өлкөлөрдүн Кытай менен Россиянын зыяндуу таасирине каршы туруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө алып келет" деди сенатор.

The Diplomat Джексон-Вэник түзөтүүсү чындап эле өтмүштүн калдыгы болуп калганын баса белгилейт.

"Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанга коюлган чектөөлөрдү алып салуу АКШ үчүн эч нерсеге алып келбейт, бирок Вашингтонго болгон лоялдуулуктун жогорулашына жана саясий деңгээлдеги соода мамилелеринин жана өз ара аракеттенүүнүн чыңдалышына дивиденддерди алып келиши мүмкүн", — деп жыйынтыктады америкалык журналисттер.

Эске сала кетсек, Кыргызстан 2000-жылы ДСУга киргенден эки жылдан кийин Россия, Иран, Ирак жана Европаны айланып өтүүчү Евро-Азия транзиттик коридорун түзүү максатын көздөгөн АКШнын демилгесине Кыргыз Республикасы кошулганына байланыштуу, Джексон-Вэник түзөтүүсүнөн чыгарылган.