Мадина базарынын ээси тууралуу эмнелер белгилүү?
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, "Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимов ушул жылдын 8-октябрында УКМК тарабынан кармалган. УКМК аны кармоо учурунда атылып өлтүрүлгөн криминалдык авторитет Камчы Көлбаев менен туугандык байланышы бар деп белгиледи. Салимовго уюшкан топ түзгөн же ага катышкан деген айып тагылган. Буга байланыштуу анын кайсы компаниялар менен байланышы бар экени төмөндө баяндалат.
Турсунтай Салимов 1956-жылы 28-июнда Чүй районунун Арашан айылында туулган. №53 мектепте, андан кийин Совет бийлигинин техникумунда окуп, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн. 1990-жылдары Салимов "Мадина" базарын негиздеген. 2010-жылы СДПК фракциясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын катарында болгон. Анын беш баласы бар: кызы Мадина жана төрт уулу – Илшат, Ильяс, Ильзат жана Эркен.
Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, Салимов "Мадина групп", "Карион ЗИЛ" жана U.K.Group деген үч компаниянын негиздөөчүсү катары катталган: Ал ошондой эле Кыргызстандагы уйгурлардын "Иттипак" коомдук бирикмесинин жетекчиси.
"Мадина групп" компаниясынын директору Анвар Таиров, негиздөөчүлөрүнүн тизмесинде Аблеким Салимов, Шаукет Тохтиев жана Нурмухамед Салимовдор да бар. Негизги ишмердүүлүгү — жеке кыймылсыз мүлктү ижарага берүү болуп саналат. "Карион ЗИЛ" ишканасынын директору Акбар Рыскулов, уюштуруучулары Курманбек Кубатбеков. Компаниянын негизинен туристтик агенттик ишмердүүлүгү менен алектенет.
Юстиция министрлигинин ушул эле маалыматы боюнча, U.K Group компаниясынын жетекчиси Уйгур Абдул Гаффар катталган. Негиздөөчүлөрү Кубанычбек Сапаков жана Шаукет Тохтиев. Компания тамак-аш азыктарын, анын ичинде суусундуктарды жана тамеки буюмдарын адистештирилбеген дүң соода менен алектенет.
Эске сала кетсек, Салимов кылмыштуу топторго тынымсыз демөөрчүлүк кылган жана атаандаштарын коркуткан деп айыпталууда. Салимов узак убакыт бою криминалдык авторитет менен тыгыз байланышта болуп, алар үчүн мыйзамсыз каржылык каражаттарды көбөйтүп, алардын топторунун жашоосуна колдоо көрсөтүп келгени айтылат.