> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда юридикалык жакты каттоо үчүн жыйымдардын тарифи жогорулады
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2024/01/09/kyrghyzstanda-iuridikalyk-zhakty-kattoo-uchun-zhyiymdardyn-tarifi-zhoghorulady/
- Published: 2024-01-09T05:01:39.000Z
- Updated: 2024-01-09T05:07:15.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинети юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алды. Аталган токтом өкмөттүн сайтында жарыяланды.**

Маалыматка ылайык, юридикалык жакты жана филиалдарды мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар төмөндөгүдөй өзгөрдү:

- бир жумуш күндүн ичинде – **2581 сом** (мурдагы тариф 1200 сомду түзгөн);
- алты сааттын ичинде – **3581 сом** (мурда – 2500 сом);
- үч сааттын ичинде – **4581 сом** (мурда – 3200 сом).

Мындан тышкары, финансы-кредиттик мекемелерди, коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле финансы-кредиттик мекемелердин филиалдарын, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдарды мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар да өзгөрдү:

- үч жумуш күндүн ичинде – **4281 сом** (мурда – 1700 сом);
- бир жумуш күндүн ичинде – **5281 сом** (мурда – 3000 сом);
- алты сааттын ичинде – **6481 сом** (мурда – 3700 сом).

Юридикалык жактардын жана филиалдардын ишин токтотууну каттоо үчүн жыйымдар жогорулатылды:

- үч жумуш күндүн ичинде – **3150 сомго** чейин (мурда – 940 сом);
- бир жумуш күндүн ичинде – **4250 сомго** чейин (мурда – 1880 сом);
- алты сааттын ичинде – **4950 сомго** чейин (мурда – 2820 сом).