Кыргызстанга Казакстандан жараксыз документтер менен 22 тонна беде үрөнүн алып келүүгө аракет кылышкан

Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдовар" көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жерде Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Казакстандан Кыргызстанга беде үрөнүн ташып келүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулгандыгын аныкташкан.

22 тонналык жүктү өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментиинин кызматкерлери карап чыгышыкан. Текшерүүдө жүктүн коштоосунда келген фитосанитардык сертификат жараксыз болуп чыккан.

Тактап айтканда, анда камтылган маалыматтар транспорттук (ташуучу) документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегей калган. Евразия экономикалык биримдигинде жоболоруна ылайык, жүк жөнөтүүчүгө кайтарылган.