> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл фермерлерге Мамматрезервдер фонду аркылуу кошумча 7 млн литр дизель отуну берилет
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2024/01/11/byiyl-fiermierlierghie-mammatrieziervdier-fondu-arkyluu-koshumcha-7-mln-litr-diziel-otunu-bieriliet/
- Published: 2024-01-11T05:51:05.000Z
- Updated: 2024-01-11T05:51:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанга 2024-жылдагы жазгы талаа иштерине 42.5 миң тонна дизельдик отун талап кылынат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, анын орточо баасы бүгүнкү күндө **71.5 сом** болууда. Учурда дизельдик отундун кымбаттыгына байланыштуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу дыйкан-фермерлерге 63.5 сомдон дизель отуну берилип жатат.

> 2023-жылы жалпысынан 3 млн 466 миң литр дизель отуну берилген. Ал эми дыйкан-фермерлер 63.5 сомдук дизель отунунун 770 тоннасын алышкан эмес. Быйыл Мамматрезервдер фонду аркылуу кошумча дагы 7 млн литр дизель отунун берүү каралып жатат.