Чүй облусунда аймактык реформа талкууланды

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү административдик аймактык реформа боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын биринчи жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара "КРнын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыктын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Жыйында Чүй облусундагы өкүлүнүн аппаратынын Чүй облусунун аймагында административдик аймактык реформа жүргүзүү боюнча даярдаган жол картасынын долбоору  талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.