> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда быйыл 8 айда 7,7 тонна кондитердик продукция өндүрүлгөн
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2025/10/24/kyrghyzstanda-byiyl-8-aida-7-7-tonna-konditierdik-produktsiia-ondurulghon/
- Published: 2025-10-24T07:36:52.000Z
- Updated: 2025-10-24T07:36:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу

**Кыргызстандагы ишканалар 8 ай ичинде 7,7 миң тонна кондитердик продукция чыгарышып, өткөн жылдын 8 айына салыштырмалуу 13%га көп таттуу товар даярдашыптыр.** 

> 2024-жылы 8 айда өлкө боюнча 6 873,3 тонна кондитердик азыктар чыгарылса, 2023-жылы 6,1 миң тонна өндүрүлгөн.

> 2025-жылы январь-август айларында 7,7 миң тонна кондитердик товар чыгаруу менен ишканалар бюджетке жалпы 872,8 млн сом которушкан. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 18%га жогору. 

 Кондитер рыногунун лидер ишканалары бул жылы ишенимдүү өсүүлөргө жетишсе, айрым компаниялардын өндүрүү көрсөткүчтөрү төмөндөгөн. 

Республиканын таттуу бизнестеринин кожоюндарынын арасында Жогорку Кеңеш депутаттары, алардын жакындары жана чет өлкөлүк жарандар бар.