> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан компаниясынын экспонаттары көрүүчүлөрдү кызыктырды
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2025/10/31/kyrghyzstan-kompaniiasynyn-eksponattary-koruuchulordu-kyzyktyrdy/
- Published: 2025-10-31T11:27:19.000Z
- Updated: 2025-10-31T11:27:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу

**Кыргызстандын «Артбласт Групп (Аджи-Сервис)» компаниясы Өзбекстандын борборундаөткөн «MiningMetals Uzbekistan 2025» эл аралык көргөзмөсүндө өзүнүн өндүрүштүк жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырганын Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.**

Компаниянын өкүлдөрү заманбап өнөр жай жабдууларынын үлгүлөрүн, автоматташтыруу жана өндүрүштүк коопсуздук жаатындагы чечимдерди сунушташты

> «Артбласт Групп (Аджи-Сервис)» компаниясынын экспонаттары көптөгөн катышуучулардын кызыгуусун жаратты. Иш-чаранын жүрүшүндө өзбек жана чет элдик ишкерлер менен түз B2B байланыштар орнотулуп, келечектеги кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Аталган өкүлчүлүктүн маалыматында мындай тармактык көргөзмөлөргө катышуу ишкердик байланыштарды чыңдоого, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана заманбап өнөр жайдагы жаңы багыттар менен таанышууга өбөлгө болору айтылат. 

Компаниянын өкүлдөрү заманбап өнөр жай жабдууларынын үлгүлөрүн, автоматташтыруу жана өндүрүштүк коопсуздук жаатындагы чечимдерди сунушташты.

"Артбласт Групп (Аджи-Сервис)» компаниясынын экспонаттары көптөгөн катышуучулардын кызыгуусун жаратты. Иш-чаранын жүрүшүндө өзбек жана чет элдик ишкерлер менен түз B2B байланыштар орнотулуп, келечектеги кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.