> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Tesla быйыл 1500гө чейин роботтакси чыгарат
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2025/11/10/tesla-byiyl-1500gho-chieiin-robottaksi-chygharat/
- Published: 2025-11-10T05:06:04.000Z
- Updated: 2025-11-10T05:06:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу, Транспорт

**Жылдын аягына чейин Tesla 1500гө чейин роботтакси чыгарышы мүмкүн экенинАЗЕРТАЖ маалымат агенттиги билдирди.**

Компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск жыл аягына чейин Сан-Франциско булуңунда кеминде 1000 унаа, ал эми Остинде 500 же андан көп унаа болушу керектигин айткан.

> Роботтаксилер келерки жылдын орто ченинде Лас-Вегас, Феникс жана Майами сыяктуу жаңы шаарларга кеңейип, 2500 бирдиктен ашат деген божомол бар. 

> "Бул сан аз көрүнгөнү менен, Waymo 800гө жакын автономдуу унааларды колдонуу менен Сан-Францискодогу такси рыногунун 20 пайызга жакынын ээлеп алды",- деди Эдисон Ю жетектеген аналитиктер.

Роботтаксиден тышкары, Маск жыл аягына чейин ачылышы мүмкүн болгон "акылга сыйбаган" технологияларды колдонуу менен уча ала турган жаңы Tesla Roadsterди да жарнамалады.