> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кургакчылык Түркмөнстандын эки суу сактагычын соолутту
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2025/11/25/kurghakchylyk-turkmonstandyn-eki-suu-saktaghychyn-sooluttu/
- Published: 2025-11-25T04:22:05.000Z
- Updated: 2025-11-25T04:22:05.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу, #Жаңылыктар

**Түркмөнстандын Балкан облусунда кургакчылыктан улам Этрек дарыясынын суусун чогулткан Мамметкель жана Делили суук сактагычтары кургап калганын “Метеожурнал” жазды.** 

Маалыматта 2024-2025-жылдардагы суук мезгилдерде кардын аз жаашынан улам бул суу сактагычтар суу чогултмак тургай, бир бөлүгүнөн да ажыраган. Аймактагы жазгы кургакчыл мезгилде суук сактагыч бөксөрүп, Этрек дарыясынан суу келбегендиктен суунун калган бөлүгү бууланып кектен. 

Быйылкы жылдын март айында Мамметкель суу сактагычынын аянты 2,5 чарчы километрге кыскарып, Делили дээрлик какшып калган. Июнь айында Мамметкель суу сактагычы да толук кургап калган. Буга чейин бул суу сактагыч 2021-жылы да толук какшып калган. 

Мамметкель суу сактагычы 1964-жылы колдонууга берилип, толук көлөмү 20,5 млн метр кубду түзгөн. Делили суу сактагычы 1970-жылы колдонула баштаган жана анын толык сыйымдуулугу 5,32 млн метр куб.