> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Д. Трамп үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнөн болгон миграцияны
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2025/11/28/d-tramp-uchunchu-duino-olkolorunon-bolghon-mighratsiiany/
- Published: 2025-11-28T13:17:13.000Z
- Updated: 2025-11-28T13:17:13.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу, Коом

**АКШ президенти Дональд Трамп өлкөдө чет өлкөлүктөрдүн расмий саны 53 миллионду түзөрүн жана үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнөн келген адамдар миграциясын биротоло токтоторун билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.** 

> “Мигранттардын реалдуу саны алда канча көп. Качкындар түйшүгү – Америкадагы социалдык дисфункциянын негизи себеби. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эмне гана болгон жок”,-дейт ал. 

Буга улай АКШ жарандары болбогон адамдарга мамлекеттик жеңилдиктер берилбей турганын дай айткан. 

> “Мен биздин өлкөнүн жарандары эместерге федералдык жеңилдиктерди жана субсидияларды кыскартам, ички тынчтыкты бузган мигранттарды жарандыгынан ажыратам жана коомдук жүк болгон, коопсуздукка коркунуч жараткан ар бир жаранды депортация кылам”,-дейт Д.Трамп. 

Эске салсак, буга чейин АКШ бийлиги Дональд Трамп администрациясы “тобокелдик тобуна” кошкон 19 өлкөнүн жарандарына берилген грин-карталардын баарын масштабдуу текшерерин жарыя кылган. Мындай буйрукту президент Вашинтонгдогу атышууда Улуттук гвардиянын эки аскер кызматкери курман болгондо берген.