> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жаңы жылга караган түнү саат 00.00дө кыз төрөлдү
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/01/01/zhany-zhylgha-karaghan-tunu-saat-00-00do-kyz-toroldu/
- Published: 2026-01-01T08:00:20.000Z
- Updated: 2026-01-01T08:00:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу, Коом

**Бир сутка ичинде Кыргызстанда 365 төрөт катталды, анын ичинде төрт эгиз төрөт болгонун Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, Жалал-Абад облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында эки эгиз, Бишкек шаардык перинаталдык борборунда бир эгиз жана Ош шаардык төрөт үйүндө дагы бир эгиз жарык дүйнөгө келген.

Ыкчам маалыматтарга караганда, 31-декабрдын саат 08:00үнөн 1-январдын саат 08:00үнө чейин республика боюнча жалпысынан 177 уул бала жана 190 кыз бала төрөлгөн. Тогуз аялга кесарево операциясы жасалган.

Ал эми 1-январга караган түнү, тактап айтканда саат 00:00дөн 00:10го чейин, 11 ымыркай (беш кыз жана алты уул) төрөлгөн.

2026-жылдын биринчи ымыркайы Иссык-Ата районундагы жалпы дарыгердик практика борборунда так саат 00:00дө төрөлгөн. Ал 3 килограмм 915 грамм салмактагы кыз бала.

Эң көп төрөттөр Жалал-Абад облусунда (81), Ош шаарында жана Ош облусунда (68), ошондой эле Бишкек шаарында (69) катталган.