> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Чатыр-Көл" театрынын ордуна маданий борбор курулат
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/03/03/chatyr-kol-tieatrynyn-orduna-madanii-borbor-kurulat/
- Published: 2026-03-03T07:28:08.000Z
- Updated: 2026-03-03T07:28:08.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кызыктуу, Кыймылсыз мүлк

**Бишкек шаарында жаңы көп функционалдуу маданий борбордун курулушуна капсула салынганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, буга чейин бул жерде "Чатыр-Көл" аттуу эски кинотеатр жайгашкан. 2009-жылдан тартып имарат мамлекеттик "Учур" жаштар театрынын имараты катары пайдаланылып келген. 2025-жылы өрттөн кийин имарат авариялык абалда деп табылып, быйыл толугу менен бузулган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/428081_w_h500_1772519395_r.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/428080.jpg)

Андан соң объект Бишкек мэриясынын балансына өткөрүлүп, заманбап маданий борборду курууга каржылоо бөлүнгөн.

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев жаңы борбор театралдык коюулар, концерттер, кино көрсөтүүлөр, жаштар демилгелери жана билим берүү программалары үчүн маанилүү аянтча болоруна ишеним билдирди.