> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Apple компаниясы эң арзан ноутбук –599 долларлык MacBook Neoну чыгарды
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/03/06/apple-kompaniiasy-en-arzan-noutbuk-599-dollarlyk-macbook-neonu-chyghardy/
- Published: 2026-03-06T03:53:00.000Z
- Updated: 2026-03-06T03:53:00.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кызыктуу, #Жаңылыктар

**Apple компаниясы тарыхындагы эң арзан ноутбук — MacBook Neo моделин тааныштырды. Техникалык жактан алганда, MacBook Neo — бюджеттик ноутбук. Көптөгөн параметрлери боюнча ал күчтүүрөөк жана батареясы узагыраак иштеген кымбат моделдерден артта калат.**

Ноутбук **алюминий корпуста** чыгарылган. Түстөрү: **ачык кызгылт, кочкул көк, күмүш түстүү** жана жаңы **ачык сары**. Салмагы — **1,2 кг**.

### Экран жана камера

- **13 дюймдук Liquid Retina дисплей**
- Экранынын узун, туурасы: **2408 × 1506 пиксель**
- Жарыктыгы: **500 нитке чейин**
- **1 миллиард түстү** көрсөтүүнү колдойт

Жогорку алкакта **1080p FaceTime HD камерасы** жайгашкан, бирок Center Stage технологиясы жок.

### Процессор

MacBook Neo A18 Pro чипи менен жабдылган. Бул чип мурда iPhone 16 Pro жана iPhone 16 Pro Maxсмартфондорунда колдонулган.

### Кайсы иштерге ылайыктуу

Ноутбук негизинен жөнөкөй иштер үчүн сунушталат:

- интернетте иштөө
- документтер менен иштөө
- сүрөттөрдү жөнөкөй иштетүү
- фильм көрүү жана музыка угуу

### MacBook Air жана MacBook Pro моделдеринен айырмасы

- экран **кичинекей**
- камера **жөнөкөй**
- процессор **алсызыраак**
- эс тутуму **азыраак**
- батареясы **16 саатка чейин** иштейт

**Баасы:** ноутбук **599 доллардан** баштап сатылат.