> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан эки айда 213 745 гүл экспорттоду
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/03/06/kyrghyzstan-eki-aida-213-745-ghul-eksporttodu/
- Published: 2026-03-06T06:24:04.000Z
- Updated: 2026-03-06T06:24:04.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кызыктуу, Экономика

**Кыргызстанда өстүрүлгөн гүлдөр жергиликтүү базарга гана эмес, чет өлкөгө да сатылууда деп кабарлады Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги.**

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстандан гүлдөр негизинен Россия, Казакстан, Өзбекстан, Армения жана башка мамлекеттерге экспорттолот.

- 2024-жылы чет өлкөгө **13 049 405 гүл** жөнөтүлгөн
- 2025-жылы — **24 099 696 гүл**
- Бул жылдын биринчи эки айында Кыргызстандан экспорттолгон гүлдөрдүн саны **213 745** түздү

Белгиленгендей, экспорттолгон гүлдөрдүн негизги бөлүгүн Өзбекстан сатып алды, ал Кыргызстан гүлдөрүнүн негизги импорттоочулардын бири болду.

Министрлик кошумчалагандай, акыркы жылдары гүл өстүрүү тармагы өлкөдө активдүү өнүгүүдө.