> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзбекстанда женьшень өстүрүлөт
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/03/06/ozbiekstanda-zhienshien-osturuunu-plandashuuda/
- Published: 2026-03-06T03:32:57.000Z
- Updated: 2026-03-06T03:33:21.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кызыктуу, Экономика

**Өзбекстан өлкөсүндө биринчи жолу женьшень өстүрүлөт. Эксперименталдык отургузуулар Бостанлык району (Ташкент облусу) жана Кашкадарья облусунун тоо этектериндеги райондорунда жүргүзүлөрүн Podrobno.uz жазды.**

Мындай макулдашууга Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү менен FDfive компаниясынын жетекчиси Чун Хун Донгтан шаарында өткөн жолугушууда келишкен.

Сүйлөшүүлөрдө ошондой эле туз баскан жерлердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, климаттык шарттарга туруктуу жана экономикалык жактан пайдалуу айыл чарба өсүмдүктөрүн киргизүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар Өзбекстанда төмөнкү өсүмдүктөрдү өстүрүү мүмкүнчүлүгүн да карашты:

- Таттуу беде
- Япон таруусу(просо)
- Итальяндык райграс
- Судан чөбү
- Люцерна
- Сесбания.