> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Англия банкы улуттук валютасынын дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/03/13/anghliia-banky-uluttuk-valiutasynyn-dizainyn-ozghortuunu-plandap-zhatat/
- Published: 2026-03-13T03:52:51.000Z
- Updated: 2026-03-13T03:52:50.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кызыктуу, Экономика

**Англия банкы британ фунт стерлингинин банкнотторунун дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат. Жаңы дизайнга ылайык, тарыхый инсандардын сүрөттөрүнүн ордуна Улуу Британиянын жапайы жаратылышын чагылдырган жаныбарлардын сүрөттөрү жайгаштырылышы мүмкүн экенин Bloomberg маалымдады.**

Пландалган өзгөрүүлөргө ылайык, фунт стерлингдин жаңы сериясында кирпи же борсук сыяктуу жаныбарлар сүрөттөлүшү мүмкүн. Ошол эле учурда банкноттордон белгилүү британ инсандарынын, анын ичинде Уинстон Черчиллдин портреттери алынып салынышы мүмкүн.

> Мындай чечим коомдук талкуудан кийин кабыл алынган. Ага болжол менен 44 миң адам катышкан. Добуш бергендердин көбү банкноттордо жаратылыштын сүрөттөрү болушун колдогон, ал эми тарыхый инсандар үчүнчү орунду алган.

> Жаңы сүрөттөр 5, 10, 20 жана 50 фунт стерлинг номиналындагы банкноттордун арткы бетине жайгаштырылат. Азыр бул жерде төмөнкү белгилүү инсандардын портреттери бар:

- жазуучу **Джейн Остин**
- сүрөтчү **Уильям Тернер**
- математик **Алан Тьюринг**

Ал эми банкноттордун **алдыңкы бетинде өзгөрүү болбойт** — анда мурдагыдай эле Улуу Британиянын падышасы Карл IIIнүн сүрөтү калат.