> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылды
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/03/14/soghush-zhana-tynchtyk-romanynyn-birinchi-basylyshy-1-6-mln-rublgha-satyldy/
- Published: 2026-03-14T09:05:21.000Z
- Updated: 2026-03-14T09:05:56.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кызыктуу, Коом

**Россияда белгилүү жазуучу Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылганын "Известия" басылимасы билдирди.** 

> *Анда белгиленгендей, китептин баштапкы баасы *300 миң рубль* деп белгиленген. Лот алты томдон турган китептер топтому болгон. Китептердин мукабасында аз гана эскирүү белгилери бар экени айтылат.* 

Атактуу роман алгач 1868-жылы биринчи жолу басылып чыккан. Ошол убакта эле окурмандар аны жылуу кабыл алып, китеп жакшы сатылган. Ошол эле жылдын жай айларында экинчи басылышын чыгаруу чечими кабыл алынган. Ал эми бешинчи жана алтынчы томдору 1869-жылдын март айында жарык көргөн.

> Мындан тышкары, 1-мартта Москвада жазгы Important Spring Sale аттуу ири аукцион өтүп, анда жалпы баасы 1 миллиард рублга жеткен искусство чыгармалары сунушталган.

Аукциондогу маанилүү лоттордун бири – сүрөтчү Исаак Левитан тарткан “Айдын чыгышы. Айыл” аттуу пейзаж болду. Бул картина советтик окумуштуу, радио башкаруучу миналарды ойлоп тапкан Владимир Миткевичке таандык болгон. Сүрөт мурда Третьяков галереясында жана Орус музейинде эки жолу көргөзмөгө коюлган.