> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарында "Манас" ири маданий комплексинин курулушу башталды
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/03/23/bishkiek-shaarynda-manas-iri-madanii-komplieksinin-kurulushu-bashtaldy/
- Published: 2026-03-23T10:26:38.000Z
- Updated: 2026-03-23T10:26:37.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кызыктуу, Кыймылсыз мүлк

**Борбор калаада жаңы "Манас" маданий борборунун курулушунун башталышына арналган убакыт капсуласын салуу аземи өттү. Иш-чарага Каныбек Туманбаев катышып, долбоордун расмий башталышына старт берди.**

> Маалыматка ылайык, комплекс куруу үчүн 2 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Имараттын жалпы аянты 6 миң 681 чарчы метрди түзөт.

Уюштуруучулардын айтымында, "Манас" борбору улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, тарыхый-маданий мурастарды сактоого жана ар кандай деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө багытталган заманбап маданий мейкиндик болот.

> Курулушту 2027-жылдын экинчи чейрегинде бүтүрүү пландалып жатат.

> Ошондой эле комплекс өзүн-өзү каржылоо принциптеринин негизинде иштеп, чыгымдарын өз кирешесинин эсебинен жабары белгиленди.