> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мага алдамчылар мэрдин атынан акча которууну суранып жазышкан – Ж.Чуштуков
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/03/27/magha-aldamchylar-merdin-atynan-akcha-kotoruunu-suranyp-zhazyshkan-zh-chushtukov/
- Published: 2026-03-27T10:33:58.000Z
- Updated: 2026-03-27T10:33:57.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кызыктуу, Коом

**Аким Жолдошбек Чуштуков бүгүн Октябрь районунун тургундарынын алдында чыгып сүйлөп, интернет-алдамчыларга алданбоо үчүн этият болууга чакырды.**

Анын айтымында, акыркы убакта телефон аркылуу чалып, банк карталарынын коддорун сураган учурлар көбөйдү.

"Мага да чалышкан, анан калса бир нече жолу. Айрым учурларда WhatsApp аркылуу биздин вице-мэрлердин же мэрдин атынан жазып, шашылыш акча которууну суранышкан. Мен өзүм да буга күбө болгом: карасаң, вице-мэр жазып жаткандай көрүнөт — сүрөтү, аты-жөнү туура, бирок номер менде сакталган эмес. Кийин бул алдамчылык экени аныкталган", — деди Чуштуков.

Аким жарандарды мындай учурларда милицияга кайрылууга чакырды. Ошондой эле улуу муундагы адамдарды маалыматты текшерип, ишенбөөгө үндөдү.