> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ташкент облусунда жасалма жамгыр жаадырылат
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/04/01/tashkient-oblusunda-zhasalma-zhamghyr-zhaadyrylat/
- Published: 2026-04-01T10:47:57.000Z
- Updated: 2026-04-01T10:47:56.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кызыктуу, Коом

**Ташкент шаарында жана Ташкент облусунда абанын сапатын жакшыртуу максатында жасалма жамгыр технологиясы колдонула баштарын Kazinform маалымдайт.**

> Маалыматта белгиленгендей, аталган технология эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен этап-этабы менен ишке ашырылат. Анын алкагында 2027-жылдын 1-октябрына чейин Ташкент шаарында жана облусунда нымдуулугу төмөн аймактарга жасалма жамгыр чакыруучу керектүү жабдуулар орнотулат.

Долбоордун максаты жаан-чачындын көлөмүн табигый деңгээлге салыштырмалуу 10–20%га көбөйтүү. Жасалма жамгыр технологиясы абадагы чаңды жана зыяндуу бөлүкчөлөрдү азайтып, абанын сапатын убактылуу жакшыртат. Мындан тышкары, ал кургакчылык жана аптаптуу аба ырайы шартында айлана-чөйрөнүн нымдуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөрү күтүлүүдө.

Буга чейин Иранда да кургакчылык учурунда жасалма жамгыр жаадыруу иштери башталган.