> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тогуз-Тородо арашан кочкорлорунун көргөзмөсү өттү
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/04/06/toghuz-torodo-arashan-kochkorlorunun-korghozmosu-ottu/
- Published: 2026-04-06T08:27:54.000Z
- Updated: 2026-04-06T08:27:53.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кызыктуу, Бизнес

**Тогуз-Торо районунда Арашан породасындагы асыл тукум кочкорлордун көргөзмөсү өткөрүлгөнүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, иш-чарага райондун алдыңкы малчы, фермер жана тармактын адистери катышкан.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp_Image_QDmhMeQ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp_Image_MQjxEl9.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

Көргөзмөдө кочкорлордун салмагы, асыл тукумдуулук өзгөчөлүктөрү жана сырткы көрүнүшү кылдат бааланды. Катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, асыл тукум мал өстүрүүдөгү жаңы ыкмалар менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен катышуучулар райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.