> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытайдын эки университети кыргызстандыктарды акысыз окутууга кабыл ала баштады
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/04/09/kytaidyn-eki-univiersitieti-kyrghyzstandyktardy-akysyz-okutuugha-kabyl-ala-bashtady/
- Published: 2026-04-09T05:40:11.000Z
- Updated: 2026-04-09T05:40:10.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кызыктуу, Коом

**Кытайдын Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарындагы эки университет 2026–2027-окуу жылы үчүн Кыргызстандын жарандарына 20 стипендия бөлүп берди.**

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына ылайык 10 орун Цзинань университети тарабынан, 10 орун Шаньдун архитектуралык университети тарабынан берилет.

Документтерди кабыл алуу мөөнөттөрү Цзинань университетине — 10-июнга чейин, Шаньдун архитектуралык университетине — 1-июлга чейин.