> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/04/12/aisuluu-tynybekova-2028-zhylky-olimpiada-oiundaryna-katysharyn-bildirdi/
- Published: 2026-04-12T02:44:31.000Z
- Updated: 2026-04-12T02:44:30.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Кызыктуу, Коом

**Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде спортко кайтып, Олимпиада оюндарына катышарын айтты.**

> "2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышам. Ошондуктан мен спортко кайтам”, - деди спортчу.

Жайкы Олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анжелес шаарында 2028-жылдын 14-30-июль күндөрү өтөт.

Балбан Айсулуу Тыныбекова - Азиянын алты жолку чемпиону, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси, 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиаданын күмүш медалынын ээси, 2024-жылдагы Париждеги Олимпиаданын коло байгесинин ээси, эмгек сиңирген спорт чебери.