> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/06/20/menin-shaarym-tirkemesi-arkyluu-unaa-toktotuuchu-zhailardyn-akysyn-toloso-bolot/
- Published: 2026-06-20T09:40:14.000Z
- Updated: 2026-06-20T09:40:14.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Кызыктуу

**Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктар үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүү боюнча ишин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.**

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы менен биргеликте “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын акысын төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды. 

> *Төлөм жүргүзүү үчүн картадан же тизмеден унаа токтотуучу жайдын аймагын тандап, унаанын мамлекеттик номерин көрсөтүү жана төлөмдү ырастоо жетиштүү.* 

Унаа токтотуучу жайдын акысы саат 08:00дөн 20:00гө чейин 25 сомду түзөт. Белгилей кетсек, дем алыш жана майрам күндөрү муниципалдык унаа токтотуучу жайлар үчүн акы төлөнбөйт.