> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/06/24/duinodogu-en-bai-adamdar-kimder/
- Published: 2026-06-24T13:00:33.000Z
- Updated: 2026-06-24T13:00:32.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Кызыктуу

**Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар.**

Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт.

3-орунда 283 млрд доллар менен Google компаниясынын негиздөөчүсү Сергей Брин турат. Сергей Брин өзү орусиялык, бирок АКШнын жарандыгын алган.

4-катарда Джеффри Престон Безос турат. АКШлык ишкер Амазон компаниясынын кожоюну. Анын байлыгы 262 млрд долларды түзөт.

5-орунда байлыгы боюнча Ларри Эллисон эсептелет. Анын 237 млрд доллар каражаты бар.

Байлыгы менен 6-орунду багындырган Dell компаниясынын куруучусу Майкл Деллге таандык. АКШлык бизнесмендин 211 млрд доллар каражаты бар.

7-орунда Фейсбук, Инстаграмм социалдык желелеринин кожоюну Марк Цукерберг турат. Анын 202 млрд доллар акчасы бар.

8-орунду Дженсен Хуанг ээлейт. Хуанг өзү таиланддык, бирок ишмердүүлүгүн АКШда жүргүзөт. Анын киреше булагы IT тармагы эсептелет. Анын азыркы тапта 202 млрд доллар акчасы бар.

9-орунда 77 жаштагы франциялык Бернар Арно турат. Анын 166 млрд байлыгы бар.

10-катарды Джеймс Уолтон ээлейт. Анын учурдагы байлыгы 147 млрд долларды түзөт.