> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте түнкү автобустар жүрүп баштайт
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/07/03/bishkekte-tunku-avtobustar-zhurup-bashtait/
- Published: 2026-07-03T07:18:14.000Z
- Updated: 2026-07-03T07:18:13.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Кызыктуу

**3-июлда саат 23:00дөн тартып Бишкек шаарында пилоттук режимде муниципалдык түнкү автобус каттамдары иштей баштайт.**

Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынын айтымында, биринчи этапта №3, №16, №19, №35, №45 жана №55 каттамдары ишке киргизилет. Ар бир каттамда үчтөн автобус каттайт.

> *Жаңы кызмат борбор калаанын тургундарын жана конокторун кечки жана түнкү убакта коопсуз, ыңгайлуу жана жеткиликтүү коомдук транспорт менен камсыз кылууга багытталган.*

> *Автобустар күн сайын бекитилген графикке ылайык, саат 23:00дөн 05:00гө чейин каттайт.*

Жол кире акысы төмөнкүдөй болот:

 накталай эмес төлөмдө (банктык карта, транспорттук карта же QR-код аркылуу төлөгөндө) – 70 сом;

накталай төлөмдө — 90 сом.

Түнкү автобус каттамдарын пилоттук режимде ишке киргизүү шаардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана борбор калаанын тургундары менен конокторуна түнкү убакта коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзөт.