> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# РФнын коллектордук рыногунда көйгөйлүү насыялар азайдыбы?
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/07/09/rfnyn-kollektorduk-rynogunda-koigoiluu-nasyialar-azaidyby/
- Published: 2026-07-09T05:28:31.000Z
- Updated: 2026-07-09T05:28:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу

**Жакынкы эки жыл ичинде коллектордук рынокто мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын көлөмү азайышы мүмкүн. Мындай божомолду «Эксперт РА» рейтингдик агенттиги жүргүзгөн изилдөөсүндө билдирди.**

> Аналитиктердин айтымында, буга банктар тарабынан керектөө насыяларынын кыскарышы жана микрофинансылык уюмдардын насыя берүү көлөмүнүн төмөндөшү себеп болот. Натыйжада коллектордук компанияларга сатылуучу көйгөйлүү насыялардын көлөмү азайышы күтүлүүдө.

Ошол эле учурда, 2026-жылдын жыйынтыгында банктардан сатылып алынган көйгөйлүү карыздардын көлөмү 11%га өсүп, 360 млрд рублга жетери, ал эми микрофинансылык уюмдардын карыз портфели 24%га көбөйүп, 140 млрд рублду түзөрү болжолдонууда. 2027-жылы бул эки сегментке салынган инвестициялар дээрлик теңелери күтүлөт.

> Изилдөөдө коллектордук рынок акырындык менен ири компаниялардын колуна өтүп жатканы белгиленген. 2028-жылга чейин эң ири агенттиктердин рыноктогу үлүшү 90%га жетип, чакан компаниялар үчүн атаандашуу кыйындайт деген божомол айтылат.

Ошол эле учурда тармак өкүлдөрү карыздарды өндүрүү рыногу кыскарбайт деп эсептешет. Алардын пикиринде, экономикалык абал турукташкандан кийин калктын насыяга болгон суроо-талабы кайра өсүп, мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын көлөмү да сакталат. Мындан тышкары, коллектордук компаниялар каршеринг, лизинг, маркетплейстер, бөлүп төлөө кызматтары жана турак жай-коммуналдык чарба сыяктуу жаңы багыттар менен иштөөнү кеңейтүүнү көздөшүүдө.

****Коллектордук агенттиктер** — бул банктардан же микрокредиттик уюмдардан төлөмү кечиктирилген карыздарды кайтарууга адистешкен компаниялар. Алар карыздарды мыйзамдуу түрдө до сотко чейинки жол менен чечүү же сот аркылуу өндүрүү иштерин жүргүзүшөт.