> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Европадагы корпоративдик карызы эң жогорку 7 өлкө
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/07/15/evropadagy-korporativdik-karyzy-en-zhogorku-7-olko/
- Published: 2026-07-15T09:25:17.000Z
- Updated: 2026-07-15T09:25:16.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Кызыктуу

**Евростаттын 2025-жылдын жыйынтыгына ылайык, Европа Биримдигине мүчө айрым өлкөлөрдө корпоративдик карыздын көлөмү ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 85 % чегинен ашкан. Бирок адистер бул көрсөткүчтөрдү өлкөлөрдүн бизнесинин финансылык абалы эмес, көбүнчө эл аралык компаниялардын каржылык операциялары аныктап жатканын белгилешет.**

[Euronews](https://ru.euronews.com/business/2026/07/15/europes-corporate-debt-ranking-which-countries-borrow-the-most) басылмасы Еврокомиссиянын маалыматына таянып, Европа Биримдик боюнча корпоративдик карыз ИДӨнүн **70,1%ын**, ал эми еврозонада **71,6%ын** түзгөндүгүн жарыялады. Бул акыркы жыйырма жылдагы эң төмөнкү деңгээлдердин бири болуп эсептелет. Корпоративдик карызы эң жогору өлкөлөрдүн тизмеси төмөнкүчө:

\- Люксембург – 251,1%  
\- Дания – 115,4%  
\- Швеция – 108,6%  
\- Кипр – 107,3%  
\- Нидерланд – 106,3%  
\- Франция – 91,6%  
\- Бельгия – 90,6%

> Эксперттердин айтымында, Люксембург, Нидерланд, Кипр жана Бельгия сыяктуу өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү алардын эл аралык финансылык борбор катары кызмат кылганы менен түшүндүрүлөт. Бул мамлекеттерде миңдеген холдингдик жана эл аралык компаниялар катталгандыктан, статистикада карыздын көлөмү жогору болууда.

Ал эми **Францияда** корпоративдик карыздын жогорку деңгээли статистикалык өзгөчөлүк эмес, реалдуу экономикалык тобокелдик катары бааланууда. Франциянын Борбордук банкы өлкө компанияларынын карыздык жүгү еврозонадагы ири экономикалардын ичинен эң жогоркуларынын бири экенин белгилейт.

> Ошол эле учурда мамлекеттик карызы эң жогору өлкөлөрдүн катарына кирген **Греция** менен **Италияда** корпоративдик карыз салыштырмалуу төмөн бойдон калууда. 2025-жылдын аягында бул көрсөткүч Грецияда **58,6%**, Италияда **55,1%** болгон.

Адистердин белгилешинче, корпоративдик карыздын жогорку деңгээли дайыма эле экономиканын алсыздыгын билдирбейт. Көп учурда бул эл аралык компаниялар кайсы өлкө аркылуу өз каржылык операцияларын жүргүзөрүн чагылдырат. Франция болсо корпоративдик карыз чындап эле ички бизнеске байланышкан өлкөлөрдүн бири болуп саналат.