> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын аянты 15,5 миң гектарга кеңейди
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/07/22/kyrgyzstandyn-aianty-15-5-min-gektarga-keneidi/
- Published: 2026-07-22T05:23:01.000Z
- Updated: 2026-07-22T05:23:00.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Кызыктуу

**Кошуналар менен чек араны тактоодон кийин 15 миң 572 гектарга кеңейип, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аянты 20 млн 9 миң 572 гектарды түзөт. Анын 94,4 % тоолуу аймактар. Бул тууралуу президент өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.**

Маалыматка ылайык, жалпы 6 млн 732 миң гектар айыл чарба жери бар. Анын 1 млн 82 миң гектарын эл жеке менчикте айыл чарба багытында пайдаланат. 

> *Жалпы республика боюнча ар кандай багыттагы 18 млн 698 миң гектар жер мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турат.* 

Инвестициялык долбоорлор үчүн 1992-жылдан берки мыйзамдын алкагында пайдаланууга берилген жерлердин жалпы аянты өлкө аймагынын 0,1%нан ашпайт.