> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мектеп окуучулары көрүүсү начар адамдар үчүн “акылдуу” көз айнек ойлоп табышты
- URL: https://im.kg/kyzyktuular/2026/07/29/mektep-okuuchulary-koruusu-nachar-adamdar-uchun-akylduu-koz-ainek-oilop-tabyshty/
- Published: 2026-07-29T05:33:02.000Z
- Updated: 2026-07-29T05:33:01.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Кызыктуу

**Борбордук Азиядагы Америка университетинин TIFE программасынын алкагында жогорку класстын окуучулары көрүүсү начар жана көрбөгөн адамдар үчүн EyeSens “акылдуу” көз айнеген иштеп чыгышты.**

EyeSens командасынын изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандагы көрүүсү начар адамдардын 94,4% тротуарлардагы унаа токтотуучу жайларга, ал эми 83,3% беттери бактын бутактарына урунуп, жаракат алууга дуушар болушат. 

> *Долбоордун командасы Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен жолугуп, ага көз айнектин иштеп жаткан прототибин көрсөтүштү.* 

EyeSens кандай иштейт:

Камера: Оправадагы камера айланада болуп жаткан нерселерди тартып, маалыматты смартфонго өткөрөт.

Маалымат локалдык ML-моделдер жана Gemini жасалма интеллекти тарабынан иштелип чыгат

Үн ассистенти: AIris үн ассистенти сунуштарды динамиктери аркылуу үн чыгарып айтып турат. 

Бул учурда адамдын кулагы ачык, колдору бош болот. Башкаруу “Эй, Айрис” командасы аркылуу ишке ашат.

Прототип азыр эмнелерди кыла алат:

Объекттерди таануу: “Алдымда эмне бар?” деген команда боюнча буюмдарды таанып, айлана-чөйрөнү кенен баяндап берет.

Текстти окуу: Орус жана англис тилдериндеги тексттерди, окуйт.

Оффлайн режим: Интернетке туташпастан объекттерди автономдуу таануунун эксперименталдык режиминде иштейт.